Заманбап эл аралык университети тил кафедрасы жана “Тил Ордо” мамлекеттик тил борбору менен биргеликте “Кыргыз тили-мамлекеттик тил статусун алгандыгынын 30 жылдыгына” карата атайын жумалык уюштурушту.
Жумалыктын экинчи күнү 17-сентябрь күнү академиянын студенттери үчүн маданий-эстетикалык экскурсия уюштурулуп, студенттерди Жалал-Абад шаарындагы областтык китепкана, тарых музейине алып баруу менен шаарыбыздын тарыхы, маданияты менен таанышып келишти. Студенттер үчүн эстен кеткис элес калтырылды. Экскурсияны тил кафедрасынын окутуучусу Чааркозов М.Т. жетектеп, ар бир кафедрадан кураторлор активдүү катышты.