Кыргыз тили – түрк тилдеринин ичиндеги улуу жана байыркы тил. Кыргыз элинин тарыхы менен тилдин тарыхы байланышып эриш-аркак өнүгүп, өсүп келүүдө. 2024-жылдын 23-сентябры Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Заманбап эл аралык университеттин колледжинин 1-курсунун студенттери тарабынан уюштурулган “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аталышындагы «Кыз-жигит сармерден» конкурсу болуп өттү. Маданий-музыкалык иш-чараны колледждин директорунун орун басары, филология илимдеринин кандидаты Алтынбаев Нурлан Курбанбекович сөз сүйлөп, ачып берди. Бул конкурста жигиттер жана кыздардан түзүлгөн шыктуу студенттер ырдап, бийлеп, өз өнөрлөрүн көрсөтүү менен бирге кыргыз тилин даңазалашты. Байыртан ата-бабалардан мурас калган кыргыз элинин оозеки айтылып келген макалдарын, сөз берметтерин, акыйнек жана элдик ырларды аткарышып эске салышты. Кыз-жигиттер чимириле бийлешип, көргөн көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.
Сармердендин жүрүшүндө кыз-жигиттин акыйнек айтышуусу көрүүчү студенттердин кызыгуусун арттырды. 9ЧТМ-2-24 тайпасынын студенти Токторова Шириндин аткаруусундагы “Токтогул сүйгөн Алымкан” аттуу обондуу ыр эң жогорку деңгээлде аткарылды жана таасир калтырды.
Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата студенттер сахналык көрүнүш аткарышты. Ал көрүнүштө белгилүү тарыхый инсандардын автономиялуу облус түзүү үчүн жасаган иш-аракеттери чагылдырылды. Мына ушундай билимдүү, эр жүрөк, эркиндик үчүн күрөшүп, жанын берген аталарыбызга таазим кылышып, мекенчилдик сезимдери ойгонду.
“Кыз-жигит сармерден” конкурсу жыйынтыкталып, өнөрлүү студенттер сыйлоо баракчалары менен сыйланды.
Аталган маданий-музыкалык иш-чаранын уюштуруучулары ЗЭУКтун кыргыз тили жана адабиятынан окутуучулар: Адыкулова Айчүрөк Маматбековна, Нукеева Сурма Зайнабидиновна, Абдыкадыр кызы Зире, Тажибаева Нурзаада Муратбековна.
Тил – улуттук байлык, улуттук мурас

Архивы
Рубрики
Archives
Categories
Recent Posts
Анжелика Рустамова получила награду на Международном форуме «Мы – интеллектуалы XXI века»
21.01.2025«Theoretical Materials for Reading Assignments» аталышындагы семинар-тренинг
20.01.2025Автореферат, илимий макала, диссертация даярдоо
10.12.2024Calender