Кыргыз тили жана Айтматов ааламы

по admin В новости универсиада 2023 Вкл 19.12.2023

аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлык жобонун негизинде кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95-жылдыгына карата 2023-жылдын 20-июнундагы 353-тескемесине ылайык мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын КРнын конституциясы мыйзамынын аткарылышын камсыз кылууда Заманбап эл аралык университеттин жалпы жамааты үч айлык иш чараларын жыйынтыкташты. 4-декабрь күнү саат 8.30. дан баштап катарынан ачык сабактар,

Ч.Айтматовдун чыгармаларынан студенттер композицияларды жасашып көргөзмөлөрүно презентация жасашты сүрөттөр сүйлөйт көргөзмөсүндө таланттарын көрсөтө алышты жана тегерек столду ага окутуучу Эльмира Мавляновна жана Медер Турарович алып барышты. Программа боюнча 9базанын студенттери сахналык көрүнүштү кыргыз, англис тилинде мыкты аткарышты. Көркөм окууда ага окутуучу К. А. Сабиров Ч.Айтматовдун чыгармаларына жан киргизип автордук ырынын бет

ачары менен баштап берди.Улуттук оюндардын көргөзмөсүн дене-тарбия сабагында окутуучу З.Теңиев агай өттү. Иш чараны даярдоодо жалпы жамаатыбыз активдүү катышты. ЗЭАУнун ректору профессор М.Е.Дарбанов «Окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө жана студенттерди окутууда, тарбияга калыптандырууда мыкты уюштуруучу эмгеги үчүн», Ардак грамота ыйгарды А.М. Адыкулова, Э.М.Рыскулова, К.А. Сабиров, В.Ж. Барпыбаева, С.З. Нукеева, А.Б.Каримоваларга. «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» иш чарада «эң мыкты» мыкты ачык сабак өткөндүгү үчүн Н.М.Хайткулова, Н.М.Тажибаева сыйланды. Ал эми студенттерди атайын башка окуу жайдан келген коноктор аткарган, жасаган иштерин жеринде көрүп баалап ректордун грамотасын тапшырышты. Коноктор: БАЭМУнун доценти Ф.и.к. А.М. Турдубаева, ЖАМУнун доценти А.Р.Шерипбаев болду. Иш чара өз максатына жетти.

Один комментарий

Оставить комментарий