Айтматов жана «Манас»

по admin В новости универсиада 2023 Вкл 16.01.2024

       2023-жылдын 12-декабрында Заманбап эл аралык университеттин колледжинин директорунун орун басары, ф.и.к. Алтынбаев Нурлан Курбанбековичтин жетекчилиги астында 1-курстун (9 база) студенттери тарабынан 4-декабрь «Манас» эпосунун күнүнө жана 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналган «Айтматов жана «Манас»» аталышындагы адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. «Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым»,  – деп «Манаста» айтылгандай кыргыз элин бүгүнкү жаркын жашоого алып келген Манас бабабыз болсо, өзүнүн чыгармаларында элибиздин жашоо-турмушун чагылдырып берген дүйнөгө белгилүү жазуучубуз Чыңгыз Айтматов болгон.

    Кечеге жалпы 32 студент (9БКМ-1-23, 9БКМ-2-23, 9БКМ-5-23, 9БКМ-6-23, 9БКМ-7-23, 9МФЭБУ-1-23, 9ЧТМ-3-23 тайпасынын студенттери) катышты. Жазуучунун маарекесине арналган кечеге студенттерди уюштуруп, катыштырып, өткөрүү иштерин төмөнкү кыргыз тилчи жана адабиятчы окутуучулар активдүү колго алышты. Ага окутуучу Адыкулова Айчүрөк Маматбековна студенттерди «Манас» айттырып, сахналык көрүнүштөрдү аткарууга даярдады, окутуучу Нукеева Сурма Зайнабидинова студенттерге тапшырма берип, Айтматовдун чыгармалары боюнча макеттерди жасатты, залды жасалгалоо иштерин карады, музыкалык номерлерди даярдады, ага окутуучу Абдыкадыр кызы Зире формаларды тиктирип берди, окутуучу Тажибаева Нурзаада Муратбековна кеченин сценарийин түзүп, алып баруучу жигит менен кызды даярдады.

     Уюштуруучулар тарабынан басма сөз кызматкерлеринен дагы өкүл чакырылып, Жалал-Абад облустук «Акыйкат» гезитинин кабарчысы Абдылдаева Нургүл Алишеровна келип катышып, маалымат алып кетти.

Иш-чаранын жүрүшүн Нурлан Курбанбекович ачып берип, манасчы студенттер «Манас» эпосунан үзүндүнү хор жана түрдүү (кыргыз, орус, өзбек, англис) тилдерде да айтышты. Манастын 7 осуяты жөнүндө ролдоштурулган көрүнүш көрсөтүлдү. Ч.Айтматовдун калемине таандык болгон «Ысык-Көлдү сагынуу» аттуу обондуу ыры жана анын чыгармалары боюнча жазылган башка дагы обондуу ырлар ырдалды. Жазуучунун «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Ак кеме», «Саманчынын жолу» повесттеринен үзүндү аткарылып, залдагы көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырып, кол чабуулар менен коштолду. Бийчи кыздар бийлешип, музыкалык номерлер жаңырды.

Кеченин аягында уюштуруучуларга жана студенттерге сыйлоо баракчалары (Ардак грамота) тапшырылды.

Оставить комментарий