23-апрель Бүткүл дүйнѳлүк китеп күнү
В новости универсиада 2023 Вкл 30.04.2024
по admin В новости универсиада 2023 Вкл 30.04.2024
23-апрель Бүткүл дүйнѳлүк китеп күнүнѳ карата ЗЭУКтун директорунун орун басары, ф.и.к. Алтынбаев Нурлан Курбанбековичтин жетекчилиги астында 9 база 1-курс студенттеринин катышуусунда Жалал-Абад областтык китепканасында уюштурулган “Китеп-билим казынасы” аттуу иш-чарасына катышып келишти .
Китепканада балдар ар түрдүү китептер менен таанышып, ѳздѳрүнүн чыгармачылыгын кѳрсѳтүп келишти.
Китеп жѳнүндѳ кѳркѳм окуу, “Манас” айтуу, “Китеп менен дос бол” аттуу сахналык кѳрүнүш, улуттук кыргыз бийи, макал – лакаптар айтылып, уюштуруучу мугалимдер жана студенттер грамота, китептер менен сыйланышты.
Окуу жайыбыздын 9БКМ-2-23 тайпасынын студенттери китеп жѳнүндѳ суроо-жооп таймашына катышып 2-орунду ээлешти.