9 база 1-курсунун студенттеринин ата-энелери менен болгон жолугушуу
В новости универсиада 2023 Вкл 23.05.2024
![](https://jasmu.kg/wp-content/uploads/2024/05/65333333.jpg)
+(3722)73152
по admin В новости универсиада 2023 Вкл 23.05.2024
ЗЭУКтун директорунун орун басары ф.и.к. Нурлан Алтынбаевдын жетекчилиги астында студенттердин ата-энелери менен жолугушуу өткөзүлдү. Аталган жолугушууда студенттердин окуудагы жетишкендиктери, коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкандыгы, алардын адеп-ахлагы жана жүрүм-турумдары тууралуу талкууланды. Окуу жайдын окутуучулары жана ата-энелер ортосунда пикир алмашуу жүрүп, студенттердин окууга болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу туурасында жалпы сунуштар айтылды.
Окууда эң алдыңкы жетишкендиктерге ээ болгон студенттердин ата-энелерине карата окуу жай тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
Жыйналыштын соңунда ата-энелер тарабынан окуу жайдын жетекчилигине жана окутуучуларга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле мындан ары студенттердин билим алуусунан сырткары, дүйнө-таанымын кеңейтүү, тарыхый экспедициялык-экскурсияларды жана коомдук-маданий иш-чараларды көбүрөөк уюштуруу маселеси белгиленип жыйынтыкталды.